Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча Президенттин кубогун «Ынтымак» командасы жеңип алды.
Финалдык беттеш бүгүн, 31-августта болуп өттү. Анда «Ынтымактын» көк бөрүчүлөрү «Сары-Өзөн» менен ойноп, аларды 7:0 эсебинде утуп алды.
Ал эми Президенттин кубогунда үчүнчү орунду «Ала-Тоо» командасы алды. Кечээ, 30-августта алар үчүнчү орун үчүн «Достук» командасы менен ойногон. Оюн «Ала-Тоонун» жеңиши менен 4:2 эсебинде жыйынтыкталган.
Белгилей кетсек, аталган командалар көк бөрүнүн жогорку лигасында ойношот.