Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 23 миң адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 238 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 23 миң 820 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 179 адам вакцинанын биринчи дозасын, 16 миң 641 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 630 миң 230 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 339 миң 996 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM