Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавируска каршы дээрлик 100 миң адам эмделди

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 280 | 0

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны 99 миң 900 адам алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 73 миң 800ү вакцинанын экинчи дозасын сайдырды.

Ал эми акыркы бир суткада 3 миң 482 киши эмделсе, 1 миң 120сы экинчи ирет эмдөөдөн өттү.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Аны алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Copyright © 2017 Maral FM