Кыргызстанга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларусиянын премьер-министри Роман Головченко келди.
Белгилей кетсек, 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.