Биз менен байланышыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алгачкы коноктору келди

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 309 | 0

Бүгүн, 19-август таң эрте Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти, андан соң Кубанын Орусиядагы элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньяны тосуп алды.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келет.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздоону колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Copyright © 2017 Maral FM