Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан беш бейтап каза болуп, дагы 269 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 402 | 0

Кыргызстанда 18-августка карата коронавирус дагы 269 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында – 114, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 14, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 15 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 534 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 823 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 894 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 172 миң 937 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 164 миң 344 киши айыгып чыкса, 2 миң 462 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM