Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 483 адамдан вирус табылып, 8 бейтап каза болду

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 644 | 0

Кыргызстанда 9-августка карата коронавирус дагы 483 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдиришти. Бишкек шаарында – 281, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 71, Жалал-Абад облусунда – 57, Баткен облусунда – 9 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 8 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 158 миң 285 киши айыгып чыкса, 2 миң 407 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM