Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш эс алууга кетти. Бирок июлда кезексиз сессияга чогулат

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 1283 | 0

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тарашты.

Сессиянын жабылып жатканына байланыштуу төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттарга Талант Мамытовдун кайрылуусун окуп берди. Анда төрага 5-июлдан 30-июлга чейин кезексиз сессия өткөрүүнү сунуштаган.

Соңунда Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин VIII сессиясын жабык деп жарыялады.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов коронавирус жуктуруп, Президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM