Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов коронавируска кабылды

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 936 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 28-июндан тарта Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылануудан өтүүдө. Учурда төраганын ден соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде, анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган.

Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында  обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM