Биз менен байланышыңыз

1-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 581 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 1-июлда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Нарын дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29.

Бишкекте 1-июлда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34….36 градус ысык болот.

Copyright © 2017 Maral FM