Биз менен байланышыңыз

30-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 350 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Нарын дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19.

Бишкекте 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35….37 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM