Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаров расмий сапары менен Тажикстанга барат

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 645 | 0

Бүгүн, 28-июнда Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү күтүлүүдө. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Президент Садыр Жапаров 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барды. Мамлекет башчысынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды.

Мамлекет башчысы кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышты.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров туңгуч президент Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» мечитине барды. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.

Алдыда расмий сапарынын алкагында Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM