Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
25-июнда Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун аймагында мыйзамсыз баңги затын сактап жана сатып жүргөн Ош шаарынын тургундары 25 жаштагы А уулу А.нын жанынан салмагы 2 граммды түзгөн кара-күрөн түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган жана 26 жаштагы А.Т. аттуу жарандын буюмдарын кароо учурунда салмагы 36 граммды түзгөн кара-күрөн түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган.
Бул факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 1-бөлүмү менен 25-июнь кунү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ошондой эле алынган өзгөчө жыты бар заттын баңгизат каражаттарынын кайсы түрүнө кире тургандыгын аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды.
Шектүү А.Т. аттуу жаран Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.