Биз менен байланышыңыз

25-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 544 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидомет билдиргендей, 25-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24.

Бишкекте 25-июнда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25….27 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM