Биз менен байланышыңыз

Дагы 738 адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап көз жумду

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 536 | 0

Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус дагы 738 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында – 360, Ош шаарында – 93, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 108, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда – 31 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 451 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 496 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 396 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 31 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 187 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 793 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 117 миң 284 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 383 киши айыгып чыкса, 1 миң 953 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM