Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушат

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 476 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу Президенттик админстрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулайт.

Мындан тышкары бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болот.

Жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылган бардык адамдар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-тестин тапшырышкан.

Copyright © 2017 Maral FM