Биз менен байланышыңыз

Август айында ӨКМдин базасы жаңы техникалар менен толукталат

Коом , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 1514 | 0

Бүгүн, 22-июнда «Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин реформасы жана пландары» боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыктын башчысы Ырысбек Жолдошбаев катышты. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев учурда министрликте техникалык каражат жетишсиз экенин айтып, Кытай 2021-жылдын аягына чейин бизге 6 мобилдик госпиталды, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техниканы грант түрүндө берерин маалымдады. Тендер ийгиликтүү өтсө, август айында ӨКМдин базасы жаңы техникалар менен толукталат.

«Учурда техникалык абал оор. Түштүккө же түндүккө жетишпейт. Бир жерде өрт өчүрүп жатканда, кайра экинчи жерден өзгөчө кырдаал чыгып кетүүдө. 2008-2009-жылдагы техниканы ушул убакка чейин колдонуп келебиз. Бүгүнкү күнгө чейин бир да техника жаңылана элек. Эл аралык донорлорго кайрылып, шериктеш өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрүнүн жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында бир топ колдоого ээ болуп, министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жетиштик. Бул иштердин натыйжасында август айынан тартып 80ден ашуун өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келип баштайт. Эч кандай пайыздарды төлөбөйбүз. Мамлекеттик бюджеттен каражат талап кылынбайт».

Министрдин сөзүн улаган жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыктын башчысы Ырысбек Жолдошбаев тыюу салынган жерлерде сууга түшпөөгө, өрттүн келип чыгуусуна жол бербөөгө, айрыкча кичинекей балдарга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Ошондой эле жыл башынан бери Кыргызстанда 19 өзгөчө кырдаал катталганын, мунун кесепети 54 адамдын өмүрүн алганын жана келтирилген чыгым 1 млрд 336 млн сомду түзгөнүн белгилеп өттү. Алдыда жайкы эс алуу мезгили башталганын, сууга түшүүдө этият болууну эскертти. Мындан тышкары акыркы убактарда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын көп катталып жатканын айтып, айдоочулардан сак болууну жана жол эрежелерин толук сактоону өтүндү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин директорунун орун басары Асел Сейитказиеванын айтымында, эл аралык донорлор менен иштешүүдө мамлекеттик бюджеттен каражат талап кылынбайт.

«Калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын иштетүү жаатында министрлик башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууда. Кыргызстанда 60 калдык сактоочу жай өз ишин улантып жатат. Өлкө ичинде алардын саны жетиштүү. Калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында реабилитациялык жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин аткарылышына ведомстволук өндүрүштүк-техникалык мониторинг жүргүзүп турабыз. Биз ар кандай эл аралык донорлорду тартып, иштешүүгө чакырып жатабыз. Миң-Куш жана Кажы-Сай калдык сактоочу жайларын атайын программанын негизинде оңдоп-түзөө иштерин баштадык. Бул программа 2014-жылдан бери КМШ өлкөлөрүнүн арасында ишке кирген. Учурда Миң-Куштагы 4 калдык сактоочу жайдын даярдоо иштерин аяктап жатабыз».

Мындан сырткары министрлик коронавирус менен күрөшүүдө кошумча стационарларды ачуу, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыздоо милдетин аткарууга даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM