Биз менен байланышыңыз

ӨКМ кызматкерлери Кыргызстандагы Путин чокусун багындырышты (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 422 | 0

16-17-июнь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кыргызстандагы Путин чокусун багындырышты.

Аталган чокунун бийиктиги 4 миң 446 метрди түзөт. Ага министрликтин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун кызматкерлери чыгышкан.

Бул иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жылдыгына жана Өрткө каршы кызмат менен Гидрометеорология агенттигинин 95 жылдык мааракесине арналган.

Эскерте кетсек, 2011-жылы Чүйдөгү тоо чокуларынын бирине ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кол койгон буйругуна ылайык Орусиянын президенти (ал кезде премьер-министр болуп турган) Владимир Путиндин ысымы ыйгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM