Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 468 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Анкара шаарында Түркиянын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Түркияда жашап жана иштеп жаткан мекендештер менен жолугушуп, алардын жашоо-турмушунан кабар алып жатканына кубанычта экендигин белгиледи.

«Бул залга Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабагандар чогулду деп ойлойм. Мен сиздер менен ачык-айкын сүйлөшкүм келет, мен билбеген маалымат менен бөлүшсөңүздөр. Мени ар бир мигрант-мекендештин тагдыры тынчсыздандырат, биз алардын көйгөйлөрүн чечишибиз керек», — деди Садыр Жапаров.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган айрым реформалар жана кайра курумдар тууралуу да кеп кылды.

Ал ошондой эле, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө документтерди каттоо боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 80% га чейин төмөндөтүлгөндүгүн, Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө маалымкатты каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, дароо берилерин, ал эми буга чейин болсо аталган иш үчүн үч күндөн ашык убакыт талап кылынып келгендигин белгиледи.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөгү жарандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Анын айтымында, Кыргызстандын Анталияда башкы консулдугун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргызстандын жарандары көп жашаган райондордо дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер улантылат.

«Мекен карт» демилгеси боюнча айткан мамлекет башчысы Кыргызстанда жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын легалдаштыруу жана жумушчу орундарды түзүү максатында атайын салык режими киргизилгенин, ошондой эле, эмгек мигранттарына дем берүүнүн механизмдери иштелип чыкканын,  улуттук экономикага инвестиция салуу үчүн шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Чет мамлекеттин жарандыгын алган мекендештердин укуктук макамын жөнгө салууга, алардын кайтып келүүсүнө, жашоосуна, билим алуусуна жана медициналык тейлөөсүнө шарт түзүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандыгын кайрадан алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилгендигин, бул эмгек мигранттарынын бир катар маселелерин ыкчам чечүүгө жардам берерин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM