Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаровду Түркиянын Маданият министри тосуп алды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 1037 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкарага барды. Бул тууралуу Президентттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын учагы «Эсенбога» эл аралык аэропортуна конуп, Садыр Жапаровду траптан Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой тосуп алды.

Эл аралык аэропорттун флагштокторунда Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлүп, Ардак Кароолдун ротасы тизилген.

Садыр Жапаров иш сапардын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат жана эки өлкөнүн бизнес-форумуна катышат, ошондой эле Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашат.

Copyright © 2017 Maral FM