Биз менен байланышыңыз

Киев: Кыргыз-украин ишкерлери форумга чогулду (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 2323 | 1

Украинанын Киев шаарында кыргыз-украин ишкерлеринин агрардык тармак боюнча бизнес-форуму өттү. Ага Кыргызстандан келген ондон ашык ишкер жана Украинанын агрардык тармактагы ишкерлери катышты.

Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү Азамат Исмаилов форумдун мааниси тууралуу буларды айтты:

— Биз буга чейин көптөгөн бизнес-форумдарды өткөргөнбүз. Бирок ал форумдарда ар кайсы багыт менен алектенген ишкерлер катышканы үчүн жыйынтык чыкпай калат эле. Ошондуктан акыркы эки жылдан бери багытталган бизнес-форумдарды өткөрүүнү чечтик. Мисалы, биринчиси ушул эле Украинада текстиль тармагы боюнча өткөн. Анын жыйынтыгы аябай жакшы болгон. Себеби катышкан ишкерлердин баары бир тармактан болгону үчүн берилген суроолор да маңыздуу, сүйлөшүлгөн сөздөр да бирдей багытта болгон. Ошондон кийин агрардык тармакта форум өткөрүүнү пландаганбыз. Украина – агроөнөр жайдын өлкөсү, мүмкүнчүлүгү чоң. Биз ошону ишкерлерибиз менен тааныштырып, пайдаланууга аракет кылып жатабыз. Украина Европага жакын болгону үчүн ал өлкөлөр менен көптөгөн келишимдери бар, биз аны пайдаланышыбыз керек.

Бизнес-форумда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов да видео байланыш аркылуу сөз сүйлөп, жакында украин ишкерлери Кыргыстанга барарын кабарлады. Элчинин айтымында, бул иш-чара 11-16-июль күндөрү Бишкекте өтөт.

Мындан тышкары Украинанын соода өнөр жай палатасынын вице-президенти Король Валерий, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Николай Роик, ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев сөз сүйлөдү.

Ошондой эле ЖИА бизнес ассоциациясы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу, ал эми Украина тарап суу ресурстары жана агрардык тармагы боюнча презентация жасады.

Кыргыз-украин бизнес форумунун жыйынтыгында Кыргызстандын бал аарычылык менен алектенген ишкерлери Украинанын бал аарычылык боюнча институту менен меморандумга кол коюшту.

Форумдан кийин ишкерлер өз тармактары боюнча украиналык кесиптештери менен бетме-бет жолугушууларды өткөрүштү.

Иш-чара «Агро-2021» аталышындагы XXXIII Эл аралык көргөзмө менен уланат.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Бизнес-поездка членов JIA на Украину | Бизнес поездки

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM