Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарына Арзыбек Буркановдун бир тууганы мэр болду

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 1222 | 0
Сүрөт Нургазы Жайнаковго таандык

Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэри болуп шайланды. Шайлоо 7-июнда өтүп, анда мэрлик кызматка жалгыз Бурканов талапкерлигин койгон. 31 депутаттын баары анын талапкерлигин колдоп, бир да каршы добушсуз жаңы шаар башчысы тандалды.

Имамназар Бурканов шаардык кеңешти шайлоого «Ала-Тоо — кыргыз жери» партиясы менен 13-катарда барган. Шайлоо алдындагы маалыматта анын 1965-жылы туулгандыгы, учурда жумушсуз экени жазылган. Osoo.kg сайтында «Газпром-транзит», «ТабИмпЭкс Трэйд» жана «Сыйкыр Топурак» ЖЧКларында жетекчи экени жазылган. Имамназар Бурканов — Премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун бир тууганы.

Эскерте кетсек, Баткен шаардык кеңешинде» Ала-Тоо — кыргыз жери», «Ынтымак», «Эмгек» жана «Жаңы Доор» партиялары бар.

Copyright © 2017 Maral FM