Биз менен байланышыңыз

Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар үчүн бизнес окутуулар башталды

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 349 | 0

Ош шаарында, Accelerate Prosperity жана мэриянын колдоосу менен, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын  балдарды эрте өнүктүрүү секторунун ишкерлери үчүн, бизнес-акселераторун ачылышын өткөрдү.

120дан ашуун арыздардын ичинен 30 компания тандалып алынды, алар акысыз окутуудан өтүшөт, мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында мамлекеттик стандарттарды, ошондой эле улуттук жана эл аралык билим берүү программаларын үйрөнүшөт.

Мындан тышкары, бардык катышуучулар бизнес-процесстерди башкаруу, маркетинг жана каржылык моделдөө боюнча терең билим алышат, ошондой эле кесипкөй бизнес-консультанттар жана эл аралык эксперттер менен жеке сессияларды өтүшөт.

7 жумалык тездетүү программасы демо күн менен аяктайт, анда катышуучулар инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго өз бизнес пландарын тааныштырышат. Инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү деп тандалган компаниялар Accelerate Prosperity тарабынан 50 миң долларга чейин инвестиция жана техникалык колдоо ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM