Биз менен байланышыңыз

Кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү Орхан Инандынын жоголушу боюнча бийликке кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 1213 | 0

Кыргызстандын интеллигенция өкүлдөрү, белгилүү коомдук, саясий ишмерлери «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жоголгонуна байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылуу жасашты. Анда педагогика илимдеринин кандидаты, педагогика жаатындагы доцент, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалынын ээси, коомдук ишмер Орхан Инандынын кечкурун Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте белгисиз кишилер тарабынан уурдалып кетиши боюнча дүрбөлөңдүү кабарды терең тынчсыздануу менен кабыл алышканын билдиришкен. Кайрылуунун уландысын өзгөртүүсүз бердик.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун аны тез арада табуу тууралуу чакырыгын жана бийликтердин чечкиндүү кадамдарын канааттангандык менен баалайбыз жана ошол эле учурда демократиялуу жумурият болгон Кыргызстандын бийликтерин, жалпы жарандык коомду Орхан Инанды мырзаны тез арада аман-эсен табуу багытындагы иш-аракеттерди мындан да ыкчам жүргүзүүнү улантууга чакырабыз.

Орхан Инандынын тагдыры маселеси – анын керт-башы менен чектелбестен, Кыргызстандын эгемендиги менен да тыгыз байланыштуу экендигин баса белгилейбиз.

Эч бир сырткаркы күч эгемен Кыргызстандын билим берүү тармагына зор салым кошкон кадыр-барктуу педагог инсандын, Кыргыз Республикасынын жаранынын беделине жана өмүрүнө шек келтирбеши керек деп эсептейбиз.

Айрымдар Орхан Инанды мырза иштиктүү жетектеп келген «Сапат» билим берүү мекемесин башка бир өлкөнүн ички саясий иштерине ыгы жок байланыштырган чагымчыл бааларды эч далилсиз таңуулап айтып келишет. Бирок кыргыз коомчулугу Орхан Инанды мырза жана ал жетектеген кыргызстандык жергиликтүү таалим-тарбия мекемеси эч кандай сырткаркы өлкөгө тийешеси болбогондугун жана Кыргызстандын билим берүү тармагынын сапатын кескин жакшыртууга гана багытталган педагогдук иш-аракет менен гана алектенип келгендигин таасын белгилейбиз.

Орхан Инанды мырзаны биз ар дайым колдоп келгенбиз жана колдой бермекчибиз. Ал – эч качан жалгыз эмес. Биз да, ар кимибиз – Орхан Инандыбыз!

Бул Кайрылууга өз ыктыяры менен кол койгондор:

Роза Айтматова — коомдук ишмер, педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор,
Ишенгүл Болжурова — коомдук ишмер, Кыргызстандын Билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор,
Орозбек Молдалиев — коомдук ишмер, саясий илимдердин кандидаты, профессор,
Асан Ормушев — Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Ташманбет Кененсариев — Манас жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын манас таануу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын Билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер, «Даңк» медалынын ээси, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Кубан Мамбеталиев — коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, филология илимдеринин доктору, профессор,
Тынчтыкбек Чоротегин — «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, тарых илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору,
Кыяс Молдокасымов — «Мурас» фондунун Башкармалыгынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин кандидаты, профессор,
Мурат Иманкулов — Кыргыз Билим берүү академиясынын кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,
Динара Илимбековна Чочунбаева — коомдук ишмер, актриса,
Өмүрбек Сатаев — журналист, сыналгы продюсери,
Чынара Термечикова — монтессори педагог, балдар психологу,
Жетиген Асанбек — адабиятчы, жарандык ишмер жана башкалар.

Copyright © 2017 Maral FM