Биз менен байланышыңыз

Бишкекте акыркы суткада 95 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 355 | 0

Бишкекте бир суткада COVID-19дун 95 жаңы учуру катталды, анын ичинен 86сы лабораториялык, тогузу клинико-эпидемиялык тастыкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Борбор шаардын мамлекеттик санитардык-эпилдемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңы аныкталгандардын ичинен 81и каттоого алынды.

Райондор боюнча алганда:

  • Свердлов району — 31;
  • Биринчи Май району — 19;
  • Ленин району — 18;
  • Октябрь району — 13;
  • башка аймактан келгендер — 14.

Мындан тышкары 95 бейтаптын 83үнөн симптомдуу, 12синен симптомсуз COVID–19 аныкталган. Стационарларга 20 бейтап жаткырылып, 75 бейтап үйдө дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM