Биз менен байланышыңыз

Президент Ошто аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 562 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлерди тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана приоритеттүү милдеттенмелеринин бири — аскер кызматкерлеринин социалдык жактан толук кепилдикте камсыздалышы жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси — эң негизги маселе экендигин белгиледи.

«Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо милдети да ар дайым көңүлүбүздө. Калктуу конуштарга, шаарларга турак жай куруу менен гана чектелбестен, чек арада, алыскы аймактарда кызмат өтөгөн аскерлерибизге турак-жай сатып алууга, үй тургузууга шарт түзүү жагын тынбай караштырып жатабыз. Бул маселени чечүү үчүн жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө, аны каржылоонун булактарын табууга, укуктук актыларга дал келтирүүгө тапшырма берилди», — деди президент.

Аскер кызматчыларын жаңы үйлүү болушу менен куттуктап жатып, президент бардык батирлер курулуш индустриясынын акыркы жетишкендиктерин эске алып, заманбап технологияларды колдонуу менен курулгандыгын, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык талаптар жана стандарттар эске алынгандыгын белгиледи.

Жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде өзгөчөлөнгөн бир катар аскер кызматчылары президенттин энчилүү сааты менен сыйланды.

Мындан сырткары Президент Садыр Жапаров аталган турак жайдын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, аскер кызматчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында Ош шаарында 9 кабаттуу 3 турак жайы курулган.

Copyright © 2017 Maral FM