Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 401 | 0

Бишкекте коронавирустун жуктуруп алган учурлары катталганы үчүн дагы 8 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 28 мектептин 49 классы онлайн окууга өткөн.

Бүгүнкү күндө салттуу режимде окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алган 69 учур катталган.

Коронавирус илдетине каршы вакцинаны 349 мугалим алган.

Учурда Бишкекте 1-класстан 5-класска чейинки жана 9-11-класстын окуучулары салттуу режимде окуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM