Социалдык фонддун колл-борбору быйыл январь-апрель айларында 11 миң 530 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.
«2021-жылдын апрель айында Соцфонддун Call-борборуна 971 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 412 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.