Биз менен байланышыңыз

Дагы 234 адамдан коронавирус аныкталып, жети бейтап каза болду

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 423 | 0

Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус дагы 234 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 112, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 81, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 282 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 187, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 605 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 465 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 191 бейтаптын абалы орто оордукта, 413 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери жалпы 4 миң 555 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 490 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 966 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 168 киши айыгып чыкса, 1 миң 718 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM