Биз менен байланышыңыз

Мурдагы президенттердин тушунда канча алтын ташылып кеткени айтылды

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 671 | 0

«Кумтөр» кениндеги ишмердикти иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча, мурдагы президент Аскар Акаевдин убагында 156 тонна, Курманбек Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Алмазбек Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Сооронбай Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен.

Бул маалымат 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтылды.

«Мындай кырдаалга мурунку чиновниктердин саткындыгы жана ач көздүгү себеп болгон. Биз, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мындан ары демагогия өтпөйт деп айта алабыз. «Центерранын» менеджерлери «символикалык» жеңилдиктер менен кутулуп кеткен убакыт өттү. Компаниянын менеджерлеринин коркутуулары жана шантаждары мындан ары өтпөйт. Биз эл аралык арбитраждагы сот процесстеринен коркпойбуз. Ошондуктан алар азыр сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштап жатышат», — деди «Кумтөр» кенинин ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, «Кумтөр» боюнча буга чейин бир канча ирет комиссия түзүлгөн, бирок 4 президент тең  толук чече албай келишти. Бир гана экс-президент Роза Отунбаева «Кумтөрдүн» иши боюнча комиссия түзгөн жок, бирок ал да Убактылуу Өкмөттүн бир гана жарлыгы менен «Кумтөрдү» улутташтыра алмак.

Жогорку Кеңеш ушул тапта «Кумтөрдүн» айланасындагы маселелерди талкуулап жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берүүдө.

2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчету, 2013-жылда түзүлгөн комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыктары жана учурдагы депутаттык комиссиянын алдын ала отчету угулду.

Ушул мүнөттөрдө «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүктүн маалыматтары угулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM