Биз менен байланышыңыз

Башка өлкөнүн президенттери жана эл аралык уюмдар Кыргызстанды Орозо айты менен куттуктады

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 1035 | 0

Бүгүн, 13-май дүйнө жүзүндөгү мусулмандар Орозо айтты майрамдап жатышат. Алардын катарында Кыргызстандагы мусулмандар да бул күндү өзгөчө ырасым менен белгилешүүдө. Ушул майрамга байланыштуу алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн президенттери, эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровго жана кыргызстандыктарга куттуктоо жолдошту.

Биринчилерден болуп Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Чексиз мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка бөлөнгөн бул берекелүү күндөрдө сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия жана бардык ой-тилектердин ийгиликтүү орундалышын, боордош Кыргызстандын ар бир үй-бүлө очогунда бакубатчылыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалайм. Кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү биргелешкен күч-аракеттер менен достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоосунда.

Андан кийин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоо жолдоду.

«Боордош өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы тарыхый, диний жана маданий жалпылыкка негизделген тыгыз коңшулук мамилелер акыркы мезгилдерде биздин күчтүү саясий эркибиз менен ар тараптуу ырааттуу бекемделип жана кеңейип келе жаткандыгын канааттануу менен белгилегим келет. Биздин бекем чечкиндүүлүгүбүздүн жана жалпы аракетибиздин натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да өз ара колдоо, урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу жана натыйжалуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоосунда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал Жапаровго чың ден соолук жана албан ийгиликтерди каалаган.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынын негизинде өнүгө берет. Анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле бири-бирин колдоонун алкагында эки элдин жыргалчылыгы арта берет. Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө сизге Жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм», — деп жазган куттуктоо катында.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Эзелтен бери жогорку руханий баалуулуктардын — гуманизм менен кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болуп келген бул жаркын майрам биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, өз ара түшүнүшүүнү жана бүткүл мусулмандардын тилектештигин бекемдейт», — деп жазылган телеграммасында.

Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Бүткүл мусулман үммөтүнүн ыйык тутуп, адептүүлүккө жана жакшылыкка, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка чакырган Орозо айт майрамы биримдикти жана молчулукту алып келсин», — деп айтылат куттуктоодо.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго бекем ден соолук, жооптуу кызматында чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тилектештикти жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Бул ыйык майрам кол сунуу, боордоштук жана сабырдуулук сезимдерин бекемдейт. Быйыл пандемия Ислам дүйнөсүнө терс таасирин тийгизүүсүн улантып жатат. Мен Ислам дүйнөсүнө туруктуулук менен бейпилчиктин кайтып келүүсүн тилейм», — деп айтылат куттуктоодо.

Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халифа Бин Заид Аль Нахайян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сиздерди ыйык Аль-Фитр Иъйд (Орозо Айт) майрамынын кирип келиши менен куттуктап, чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди билдирип жатканыма абдан кубанычтамын. Аллах Тааладан бул майрам Сизге бакыт жана чың ден-соолук алып келүүсүн суранам», — деп айтылат БАЭ Президентинин куттуктоосунда.

Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Мухаммед бин Зайед Аль Нахайян да Президент Садыр Жапаровго Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоосун жолдоду.

Оман Султаны Хайсам бин Тарик Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдоо биз үчүн чоң кубаныч. Сизге бакыт-таалай жана бакубатчылык тилеп, ал эми Кыргызстан элинин мындан аркы өнүгүп-өсүүсүн каалайбыз. Ушундай жагымдуу майрамда Аллах Тааладан мусулман үммөттөрүнө ырайым жана жакшылыктарды сурайбыз», — деп айтылат куттуктоодо.

Эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты.

«Тынчтыктын жана ынтымактын символу болгон ыйык Орозо айт майрамы Түрк дүйнөсүндөгү боордоштук мамилелерди чыңдай берсин. Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыш жана кызматташтык мындан ары да бекемделет жана кеңейет деп ишенем», — деп белгилейт Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев өзүнүн куттуктоосунда.

«Сизди, Садыр Нургожоевич, улуу Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз элине тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм», — деп айтылат Эл аралык Түрк Академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин куттуктоосунда.

«Биз Алладан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тынбай тиленебиз, ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө тынчтык жана эсенчилик каалайбыз», — дейт Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Башкы катчысы Юсуф Бин Ахмед Аль-Усеймин куттуктоо катында.

Copyright © 2017 Maral FM