Биз менен байланышыңыз

Студенттер адырларга бак отургуза турган дрон жасап чыкты

Блог , Маек | 12 мая 2021 | 6083 | 0

Социалдык тармактарда дрон менен бак тигип жаткан видео тарады. Бул уникалдуу техниканы Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин информатика жана компьютердик инженерия кафедрасынын доценти, учкучсуз учактар боюнча эксперт Руслан Исаев өзү окуткан студенттери менен жасап чыккан. Руслан агай менен бул дронду жасоо идеясынын пайда болушу, дрондун тарыхы боюнча маектештик.

— Саламатсызбы, Руслан агай? Акыркы күндөрү дарак отургузган дрон интернетке тарап, ага кызыккандар көбөйдү. Айтсаңыз, бул идея кантип пайда болду? 

— Бардыгы өткөн жылдын июнь айында башталган. Биз интернеттен Орусиянын «CopterHack-2021» аттуу эл аралык инженердик конкурсун көрүп калдык. Сынактын эрежеси боюнча дрон аркылуу ишке ашырыла турган долбоор сунуштоо керек болчу. Ага катышабыз деген максат койдук, анан студенттер менен кызуу ойлонуп баштадык. Алар өз идеяларын, долбоорлорун сунуш кылып башташты. Кийинчерээк, командадан бир кыз бак-дарак отургуза турган дрон ойлоп тапты. Баарыбызга аябай жакты, биз идеяны колдодук. Анан 9 айдын ичинде студенттер менин тыкыр көзөмөлүмдүн алдында долбоорду ишке ашырды. Натыйжада, биз долбоорду ийгиликтүү аяктадык.

— Дронду конкурска жөнөттүңүздөрбү? Жыйынтык кандай болду?

— Ооба, биз 9 ай бою дрондун үстүнөн иштеп, ай сайын Орусиядагы комиссияга отчет катары сүрөт, видео жөнөтүп жаттык. Аягында финалга чыктык. Белгилей кетсем, бардык эле долбоор финалга жеткен жок. Конкурска 40тай долбоор катышкан. Биз 15 финалисттин катарына кирдик. Аягында бул долбоор менен биздин команда 6-орунга ээ болдук.

— Жыйынтык сизди кубандырдыбы? Студенттер кандай кабыл алды? 

— Албетте, биздин аракетибиз, мээнетибиз ушунчалык жогору бааланганы мен үчүн күтүүсүз болду. Тажрыйбалуу, жыл сайын катышып келген командаларга карабастан, жыйынтык бизди аябай кубандырды. Студенттер да аябай кубанып, сүйүнүштү. Биз үчүн бул жакшы жыйынтык болду.

— Команданын курамын айта кетсеңиз… 

— Биздин команда электроника факультетинин үч студентинен, колдонмо математика жана информатика факультетинин бир студентинен куралды. Демек, биринчи курстун студенти да аракет кылып, активдүү катышты.

— Даракты дрон менен кантип отургузасыздар? Кадимки эле көчөттөрбү же башкача болобу? 

— Жок, дрон кадимки көчөттөрдү отургуза албайт. Бул үчүн биз атайын капсулаларды жасайбыз. Алар сатылбайт, өзүбүз жасашыбыз керек. Япон философу Масанобу Фукуока тарабынан жасалган атайын «Фукуока» техникасы бар. Аны биз интернеттен карап чыгып, ошонун негизинде капсула даярдадык. Капсула — тоголоктолгон топурак. Ичине минералдык пайдалуу заттар, сиз өстүргүңүз келген дарактын уруктары, чопо кошулат. Баарын аралаштырып шарик сыяктуу тоголоктоп коёбуз. Биз болсо алманын уруктарын колдондук. Аларды алып, анан дрон аркылуу талаага чачабыз. Капсуланы көмүүнүн, сугаруунун кажети жок. Биз ушундай атайын капсула чачкан механизм иштеп чыктык. Аны 3D принтерге басып чыгардык, андан кийин студенттер моторлордун иштешин өздөрү программалап коюшту.

— Дронду эң биринчи кайсы жерден иштетип көрдүңөр? Канча бак отургуза алды?

— Ооба, эң биринчи эле Кочкор өрөөнүнө отургузуп көрдүк. Ал жерге дрон аркылуу 50 капсула чачтык. Ар бир капсулада 3-4 урук бар. Болжолдуу түрдө айтсак, ал жакка 400-500 бак өсүп чыгат.

— Мындай техника өлкөбүздүн кайсы тармагына пайда алып келет десек болот?

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң чоң көйгөй — көбүнчө тоолордон айылдарга көп сел жүрөт. Андан айылдын эли жапа чегет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки жыл мурун көчөттөрдү отургузуу боюнча рейд уюштурган, ошондо алар Кыргызстандын кооптуу аймактарына үрөн жана көчөт отургузушкан, анткени бак-дарак топуракты кармап турат. Бул сел менен күрөшүүнүн жолу десек болот. Биз да селди азайтуу үчүн бак-даракты көбүрөөк тигүү максатында иш алып барабыз. Менин оюмча, келечекте бул көйгөйдөн арылабыз.

— Алдыда ушундай уникалдуу техниканы дагы да өнүктүрүп, көбөйтүү планы барбы?

-Ооба, албетте. Бул дрон бизде сынап көргөнгө жасалган. «Иштейби?» — деп текшерип көргөнгө жасадык. Бул дрон кичине гибрид болгондуктан, биз өзүбүздүн чоңураак дронубузду жараталы деп пландап жатабыз. Ошентип, бир-эки эле көчөт отургузган дрон эмес, чоң токой отургузган чоң техника жаратууну максат кылабыз.

— Дегеле учкучсуз учкан аппараттардын биздин өлкөгө зарылчылыгы барбы? 

— Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай жаңы ыкмалар өлкөгө абдан керек. Алыска кетпейли, жакында эле болгон кыргыз-тажик чек ара чатагында тажик тарап дронду көп колдонушту, алар дрондор аркылуу болуп жаткан окуяны мониторинг кылып турушту. Кыргыз тарапта болсо мындай техника жок болчу. Негизи эле Кыргызстанда технологиялар жакшы өнүккөн эмес. Биз ушул долбоорлор менен бул багытты өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Келечекте дагы көп, ар түрдүү технологияларга ылайык техника иштеп чыгарабыз деген планыбыз бар.

Copyright © 2017 Maral FM