Биз менен байланышыңыз

Декларацияны убагында тапшырбагандар. Сап башында ИИМдин кызматкерлери бар

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 474 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2019-2020-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу маалыматты жарыялады.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 2019-жыл үчүн – 129, 2020-жыл үчүн – 471 кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын саны 227, анын көпчүлүгү муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жана адистер.

Тагыраагы:

-Ички иштер министрлигинин 56;

-Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 33;

-Мамлекеттик чек ара кызматынын 30;

-Жогорку Соттун 27;

-Мамлекеттик каттоо кызматынын 21;

-Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 17;

-Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын 13;

-Финансы министрлигинин 12;

-Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 11;

-Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 10;

-Мамлекеттик кадр кызматынын 9;

-Мамлекеттик салык кызматынын 9;

-Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 8;

-Жогорку Кеңештин 8;

-Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 7;

-Өкмөттүн Аппаратынын 7;

-Эсептөө палатасынын 6;

-Саламаттык сактоо министрлигинин 6;

-Тышкы иштер министрлигинин 6;

-Билим берүү жана илим министрлигинин 5 жана башка органдардын кызматкерлери да бар.

Декларацияны өз убагында же такыр тапшырбаган,  туура эмес маалыматтар менен тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.

Бирдиктүү салык декларациясын тыпшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Толук тизме менен Мамлекеттик салык кызматынын сайтынан (http://www.sti.gov.kg/decl_dolj) таанышууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM