Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга 54 млн доллар грант жана вакцина берет

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 585 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Сиане шаарында кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту. Анда кыргыз-кытай кызматташтыгынын кеңири аспектилери талкууланган.

Анын ичинде Кыргызстандан Кытайга айыл чарба азыктарын экспорттоо, «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл өткөрүү пункттарын жаңылоо, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу, Кыргызстандын Кытайга болгон карызын жөнгө салуу жана башка маселелер талкууланган.

Кытай министринин айтымында, Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 150 миң дозада вакцинанын экинчи партиясы жеткирилет. Мындан тышкары өлкө экономикасын колдоо максатында 54 млн доллар (350 млон юань) грант бөлөт.

Ошондой эле Кытайга болгон мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу үчүн кошумча акы төлөнбөйт.

Кытай тарап COVID-19 пандемиясынын айынан убактылуу токтотулган гранттык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан адистерин Кыргызстанга жөнөтөт. Өлкөгө азык-түлүк жагынан да жардам көрсөтүү караштырылат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тышкы иштер министрликтеринин 2022-2023-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM