Баткенде тажик жарандарынын жүк ташуучу унааларын токтоткон жарандарга карата одоно мамиле кылган милиция кызматкерлеринин ишине баа берилет. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
11-май күнү Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулган. Анда милиция кызматкерлери одоно мамиле жасап, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору соцтармактарда тараган.
«Күч кызматкерлеринин аракети жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жаратканы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүүлөр башталды. Анын жыйынтыгында бул кызматкерлерге тартиптик чаралар колдонулат», — деп айтылат маалыматта.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, облустун кире беришинен кармалган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп турат.
Алар 11-майда ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.