Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Молдокматовду камоо — саясий куугунтук

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 908 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Жалбырак ТВ» каналынын Фейсбуктагы түз эфиринде былтыр Октябрда болгон окуялар тууралуу айтты.

Ал былтыр 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болбогонун, саясий иштер Конституциялык нуктан чыгып кеткенин билдирди.

Текебаевдин пикиринде, ошол күндөрү борбордук «Ала-Тоо» аянтында, «Форум» имаратында, Өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта жүргөн саясий күчтөрдүн баарынын укуктук сакчысы бирдей. Бири мыйзамдуураак, экинчиси мыйзамсыз деп айтууга болбойт.

«Ошол күндөрү борбордук «Ала-Тоо» аянтында, Атамбаевдин «Форум» имаратында, Өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта бир топ саясий күчтөр турушту. Алардын укуктук сакчысы — баарыныкы бирдей. Бири мыйзамдуураак, экинчиси мыйзамсыз деп айтканга болбойт. Алардын баарынын ниети бир, өзүнүн түшүнүгүнө жараша өлкөнү конституциялык нукка алып келип, жаңы бийлик органдарын түзүү болгон. Ошентип, былтыр 6-октябрдан 15-октябрга чейин Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик болгон жок. 14-октябрда тарап кеткен парламент кайра чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындады. Ошол күндөн баштап Кыргызстан мыйзамдык нукка кайра келди. Садыр Жапаровдун да өкмөт башчы болуп дайындалышы – кынтыксыз, мыйзамдык процедураларды сактап өттү деп айтууга болбойт. Анткени конституциялык укуктан чыккандан кийин кайра келүү үчүн сөзсүз анча-мынча жерлерди аттап өтүү керек болчу», — деди Текебаев.

Ал саясатчы Жеңиш Молдокматовдун камалышын саясий куугунтук катары баалады.

«Жеңиш Молдокматовду имаратты басып алууга аракет кылды деп камакка алып отурат. Жеңиш акыркы кезде бүгүнкү бийликтин принципиалдуу, туруктуу оппоненти болуп келди. Жеңиш Молдокматовдун 6-октябрда бийлик органдарынын имаратын басып алды деген жүйө эч кимди ынандырбайт, бул күлкү келерлик. Ошондуктан акыл-эси бар адам аны өз позициясынын курмандыгы, саясий куугунтук болду деп кабыл алды. Мен да ушуну баса белгилегим келет. Жеңиш Молдокматовдун камакка алуу – саясий куугунтуктоонун бир көрүнүшү».

Саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда Октябрь окуялары боюнча Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

Молдокматовго Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылып жатат.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Бирок ал одоно мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан көптөгөн саясий партиялар жыйынтыгын тааныган эмес жана нааразылык акциясына чыгышкан. Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрь күнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, Ак үй басып алынган. Натыйжада бийлик алмашкан.

Ошол кезде түрмөдө жаткан бир топ саясатчы эркиндикке чыккан. Анын катарында азыркы президент Садыр Жапаров да бар болчу.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов — ошол парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандардын бири.

Copyright © 2017 Maral FM