5-майда Болотбек Купешев Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Ошол эле күнү Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматтан алынды.
Болотбек Купешев 1959-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Соколовка айылында туулган.
Билими: жогорку, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн, адистиги: орус тили жана адабияты мугалими.
Эмгек жолу:
Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк аймактары департаментинин жетекчиси;
2009-2010 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2008-2009 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;
2007-2008 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;
2005-2007 – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;
2004-2005 – Бишкектин Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2002-2004 – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;
1996-2002 – Бишкектеги № 69 мектеп-гимназиясынын директору;
1991-1996 – Бишкектеги № 36 орто мектебинин директору;
1989-1991 – Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары.
1990-1995 – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук кеңешинин депутаты болгон (эки жолку чакырылышта);
1999-2004 – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.