Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Стратегиялык маанидеги 50 сотых жерди 100 гектарга да алмаштырбоо керек

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 4552 | 0

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» маек куруп, кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүштү. Ал чек араны тактоонун, аймактарга ээлик кылуунун төрт жолун айтып берди.

«Аскердик басып алуу (военный захват).  Азыр мына тажиктер ошол тактиканы колдонуп, маселени чечүүгө аракет кылып жатышат.

Тымызын басып алуу (ползучий захват). Тажиктер 30 жылдан бери ушундай ыкма менен ошол жерлерди алып жатат. Максаттуу түрдө колдонуп жатышат.

Андан тышкары, аймактарды алмашуу жолу бар.  Жер алмашуу – эң татаал, перспективасы жок жол. Себеби анда жерлер бирдей баада алмашылышы керек. Бул эмне дегендик? Жердин стратегиялык мааниси, аянты, чарбалык баалуулуктары боюнча, параметрлери боюнча бирдей жерлер алмаштырылышы керек. Азыркы жетекчилер жердин аянтына карап эле келишип коюп жатышат.

Мисалы, «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы балким 5-6 сотых же 50 сотых эле жер болушу мүмкүн, бирок анын стратегиялык мааниси аябай чоң да. Стратегиялык маанидеги 50 сотых жерди 100 гектарга да алмаштырбоо керек.

Жер алмашуу принциби ар дайым бирдей болбойт, ошондуктан аябай туура эмес саясат жүрүп кетти.

Сооронбай Жээнбеков президент, Жеңиш Разаков чек арага жооптуу болуп турганда чектеш аймактардагы талаш жерлерди чечүүдө жер алмашуу принцибин баштаган. Азыркы президент да эмнегедир ушул жолду колдонуп жатат. Бул башынан туңгуюкка кептелген жол болчу. Алмашуу – маселени чечүүнүн ордуна тескерисинче, кошумча көйгөй жаратты, ички-тышкы маселелерди пайда кылды, мамилебиз бузулду.

Өзбекстан, Тажикстан менен мамилебизди он эсе бузуп алдык. Бири-бирибизге ишенбей турган, душман боло турган абалга келдик.

Азыр мен бийликке каршы эмесмин, ушул бийлик ордунда калышы керек, бирок алар чек араны чечиши керек.

Бийлик чек араны мыкты билген, сабаттуу адистерди жанына алышы керек. Стратегиялык маселелерди, элдин, мамлекеттин коопсуздугун карай турган, 100 жыл, 50 жыл, жок дегенде 20 жылдан кийинки коопсуздук кандай болорун ойлонгон, билген сабаттуу кишилерди душманы болсо да жанына алышы керек. Акылдуу кишилерден коркпоо керек. Лидер акылдуулардан коркпойт. А биздин Кыргызстанда кесипкөй адистер толтура, бирок алар ишсиз жүрөт», — дейт Айжигитов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM