Биз менен байланышыңыз

Экономика министрлиги Баткенге жардам берүүнү каалагандарга атайын эсеп ачты

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 593 | 0

Экономика жана каржы министрлиги юридикалык жана физикалык тараптардын кайрылууларын эске алып, кыргыз-тажик чек ара чатагында жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачты.

Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү көрсөтүлгөн эсепке каражат которо алат.

Бул сумма кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде коротулат.

Реквизиттер:

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери да колдоо көрсөтүү максатында жаңжал чыккан аймактан көчүрүлгөн Баткен облусунун тургундары үчүн атайын эсепке бир күндүк эмгек акыларын которо турган болушту.

Мындан тышкары шаардык муниципалитет райондук акимиаттар менен биргеликте 6 миллион сомго жакын гуманитардык жана материалдык колдоо көрсөттү.

Оор мезгилде мекендештерге колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу жыйымдардын бирдиктүү атайын эсеби ачылды.
• Атайын эсеп: 4402061213012249
• ИНН: 01710199610068
• Алуучунун банкы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы
• БИК: 440001
• Төлөм коду: 14411100
• БИК: 440206 КАБ же КИБаркылуу өткөрүп жатканда. КАБ (казына аралык буйрук), КИБ (казына ичиндеги буйрук)
• Элсом: 0553120879.

Copyright © 2017 Maral FM