Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагы: Баткендеги күйгөн обьектилердин тизмеси

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 992 | 0

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатак катталган.

Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарына «Өзгөчө абал» киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Аларга ысык тамак-аш берүү жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган.

Баткен облусунун Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга чыгарылды. Аларды көчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10дон ашуун техникасы, 150дөн ашуун кызматкери тартылды. Райондогу жарандык коргонуунун медицина кызматынан 13 Тез жардам унаасы жана автотранспорт кызматынын 60 «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуу унаасы жеринде иш алып барып жатат.

Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөлгөн, ошондой эле Лейлек районунун Сада, Максат, Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында үйлөр жана май куюучу бекеттер өрттөлгөн.

Баткен облусунун Лейлек району боюнча Кулунду айылында 2, Максат айылында 10 үй, ошондой эле 1 мектеп өрттөлгөн.

Ал эми Баткен району боюнча 9 үй, 10 май куюучу жай, 2 тойкана, 8 дүкөн, 1 казино, 1 чек ара тозоту, Ак-Сай айылында ӨКМдин Өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имараты өрттөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM