Биз менен байланышыңыз

Тажиктер кыргызстандык айыл башчыны барымтага алышты

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1109 | 0

Тажикстандыктар кыргызстандык айыл башчыны барымтага алышты. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун Борбордук айылында тажик республикасынын аскер кызматкерлерине тиешелүү болгон согуштук техникалар айылды аралап жүрөт.

Интернационал айылынын «Жилой дом» тилкесиндеги кыргыз жарандарына тиешелүү турак үйлөргө Тажикстандын аскер кызматкерлери кирип алган. Ошол тилкеге жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөө каза болгонун тактоо максатында барган Интернационал айылынын башчысын тажик жарандары барымтага алышкан.

Бул факт Лейлек РИИБнин Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Copyright © 2017 Maral FM