Биз менен байланышыңыз

Баткен: Ак-Сай — Ворух жолу жабылды

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 590 | 0

Бүгүн, 29-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылынын Төрт-Көчө аймагындагы каттамга тажик тарап тоскоолдук кылып, эч кимди өткөрбөй жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, тажик тараптын мындай аракети үчүн кыргыз тарап саат 13:00 чамасында Ак-Сай — Ворух жолун тосту. Бул жол — Тажикстан менен алардын Ворух анклавын байланыштырып турган жалгыз жол.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматына кайрылганыбызда, учурда жолду ачуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода, бүгүн чек арадагы абал боюнча эки ирет телефон аркылуу, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүштү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн, бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM