Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жогорку Кеңеш чек ара боюнча жыйынга чогулат

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 368 | 0

Чек ара боюнча Жогорку Кеңештин жыйыны бүгүн, 29-апрель саат 16.00гө белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касмалиева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Эл өкүлү өз билдирүүсүндө Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы өтө талылуу, чиелешкен маселе экендигин айткан.

«Өмүрүн тобокелге сайып чепте турган чек арадагы азаматтарыбызга таазим. Кооптуу болгонуна карабай, ата конуш, туулган жерин таштап кетпей жашап келе жаткан жергиликтүү элге да миң таазим. Жараткан колдоп, чечилбес чырга айланган чек ара маселеси оңунан чечилип, акыры бир чекит коюлушу керек. Ал үчүн баарыбыздын биримдигибиз да өтө маанилүү. Жооптуу адамдар өтө этияттык менен мамиле жасап, дипломатиялык жолду, чечкиндүү, бирок өтө кылдат сүйлөшүүлөрдү тандашыбыз керек» , — деп жазган Касмалиева.

Эске салсак, кечээ, 28-апрелде саат 11:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинен тажик жарандары эксковатор жана «КамАЗ» менен шагыл жүктөп кеткен. Андан кийин 11:30 чамасында Көк-Таш айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Баткен райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Головной» башкы суу алуу түйүнүн жарыктандыруу үчүн коюлган электр мамысына тажик жарандары видеокөзөмөл орноткон. Алар экинчи мамычага да камера орнотуп жаткан учурда кыргыз чек арачылары токтотуп калган.

Кыргызстандын аймагына тажик тараптан коюлган видеокөзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда тажиктер ок чыгарган.

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнөн жараат алган. Учурда чек арадагы абал курч бойдон калууда

Copyright © 2017 Maral FM