Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жалпы 23 624 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 490 | 0

Бүгүн, 29-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 3221 адам эмдөө алды. Алардын ичинен 55 адам эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 23 миң 624 адамга жетти.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген. «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.

Орусиялык «Спутник V» вакцинасын 65 жаштан жогору курактагылар алат.

Copyright © 2017 Maral FM