Биз менен байланышыңыз

Казакстан чек арасына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалды

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 454 | 0

Кечээ, 25-апрелде чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар Чүй облусунун аймагынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 1981-жылы туулган КР жаранын кармашкан. Кармалган жарандын айтымында, ал Кыргызстандан Казакстанга иш издеп бара жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM