Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда 400дөн ашык бейтап оор абалда

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 464 | 0

Акыркы сутка ичинде 2982 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн жүргүзүлгөн. Анын 199унан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бүгүнкү күндө 1449 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 62 бейтап өтө оор абалда экендиги айтылды.
13 адам (0,8%) — канааттандыраарлык абалда;
1029 (71,0%) — орто оордукта;
345 (23,8%) — оор абалда;
62 (4,2%) — өтө оор абалда.

Ал эми амбулатордук дарыланууда 1801 бейтап бар.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Төртөө Бишкек шаарынан, бирөө Чүй облусунан.

Ал эми бир суткада стационардан 0, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4405 учур катталды, алардын ичинен 4317 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду

Copyright © 2017 Maral FM