Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 509 | 0

Кыргызстанда 26-апрелге карата, бир суткада 199 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 138, Ош шаары — 9, Чүй облусу — 29, Ош облусу — 2, Талас облусу — 6, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 11, Жалал-Абад облусу — 3 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Нарын облусунда бирден бейтап каза болду.

Март айынан бери 94 миң 30 киши вируска чалдыгыg, 1 миң 584 бейтап көз жумду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 30 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 212 киши айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM