Биз менен байланышыңыз

ИИМ АУЦА президентинин суракка чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 744 | 0

Ички иштер министрлиги Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) президенти Эндрю Качинстин суракка чакырылгандыгы боюнча маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 12-мартта Эндрю Качинстин атына, университеттин дареги жазылып, Дубайдан жөнөтүлгөн жүктүн ичинен баңгизат чыкканы туурасында материалдарды Бажы кызматы Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жиберген.

Жүктү коштоочу документинде документтер бар экени жазылган. Бирок текшергенде кагаздар эле эмес, полиэтилен баштыкка оролгон сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк, кызыл-ак түстөгү капсулалар чыккан. Сыртында алуучунун абоненттик номери көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгында баңгизат экени аныкталып, жүк жагдайлар такталганга чейин камакка алынган.

Ошол эле күнү бул факт Жазык кодексинин 267-беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү терезесине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алынган таблетка, капсулалар экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында курамында психотроптук зат бар экени аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча Эндрю Качинстин жашаган үйү жана унаасына тинтүү жүргүзүлгөн. Ага Жазык кодексинин 267-беренеси менен шектелип жаткандыгы боюнча маалымдалып, суракка келүү милдеттенмеси менен бошотулган.

Учурда алынган каражаттар кошумча экспертизага жөнөтүлүп, тергөө уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM