Биз менен байланышыңыз

Турдубаев: Кыргызстанда энергетика тармагы оор балда

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 410 | 0

Энергетиканын экономикасын саясаттык жөнгө салуу механизми менен алып баралы деген аткаминерлер бүгүнкү абалга алып келди. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда энергетика тармагы оор абалда.

«Биздин оюбузча, энергетиканын экономикасын эч кандай саясаттык инструмент менен жөнгө салууга болбойт. Учурда бийлик тараптан электр энергиясын азыркы экономикага шайкеш келе турчудай сунуштар киргизилүүдө. Ушул жагдай гана энергетиканы саздан алып чыга алат», — дейт Турдубаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-апрелде президент Садыр Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялаган.

Жапаров электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады

Copyright © 2017 Maral FM