Бүгүн, 21-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу иш-чарасы Айтматовдун үй музейинде өтүүдө.
Айтматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан улам көз жумду. Ал 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.
«Марал» радиосунун жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.